Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 3
“Ысымын ыйгаруу жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык Кенешинин социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиянын ысым ыйгаруу жөнүндөгү чечими эске алынсын.
2. Жаны Базар айылынын Жаны Кыштак участкасындагы жаны курулган бала бакчага Барпиева Ороскүлдүн ысымы ыйгарылсын.
3. Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Бала бакчанын аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Барпиева Ороскүлдүн жакын туугандарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|