Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 4
“ Жер участоктору жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адисинин сунуштары боюнча жалпы комитетин чечими эске алынсын.
2. Жаны базар айылынын тургуну Барпиев Топчуга 6 га жер, жана Курулуш айылынын тургуну Жолдошов Тоялынын арызын негизинде КРнын салыктар боюнча мыйзамынын негизинде 6 га жер сезондук мөөнөт менен берилсин.
3. Балык чарбасы боюнча Р.Базарбаев менен Т.Ажыбековдун арыздары боюнча жер участогу жеринде каралып кийинки сессияга комитет тарабынан сунушталсын.
4. Жаны базар айылынын тургуну Чонатаев Нурландын арызы канаттандырылсын жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү иш кагаздары менен мыйзам чегинде токтом чыгарып берилсин жана атайын келишимдин негизинде Чаткал айыл өкмөтү муниципиалдык менчикке сатып алууга уруксат берилсин
5. Курулуш айылынын тургуну Мамбеталиева Бурулдун арызы боюнча имарат жол тарапка курулуп калгандыгына байланыштуу райондук архитектура бөлүмү менен жерге жайгаштыруу бөлүмү тарабынан жеринде каралып кийинки сессияга сунушталсын.
6. Курулуш айылынын тургундары К.Давлетова менен У.Абдыкермовдордун кашарды мыйзамдаштыруу жөнүндөгү арыздары канаттандырылсын жана тийиштүү токтомдорун беруу айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
7. Одинаева Тусулбүбүнүн мал чарбачылыгын өстүрүүгө сарай салуу боюнча жазган арызы канаттандырылып тийиштүү жер участогу ажыратылып берилсин.
8. Чанадалаш участкасындагы жергиликтүү тургундардын суроо талаптары боюнча Чанадалаш участкасына баруучу негизги жолду мыйзамдуу тактап берүү жагы Чаткал райондук жер боюнча комиссиясынан суралсын.
9. Чаткал айыл аймагындагы чөп чабык боюнча жерлер такталып айыл өкмөтү тарабынан элдик жыйында каралсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кенешинин айыл чарба, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|