Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 6
“Билим берүү тармагынын кайрылууларын кароо жөнүндө”
1. Чаткал айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин жана айыл тургунударынын мектептеги окуу процестеринин шарттары боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин 6-9-класстарындагы окуучунун саны көп болгондугу эске алынсын жана окутууга класстык бөлмөлөр талапка жооп бербегендигине байланыштуу эки класска бөлүп окутуу боюнча Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
3. Жаны Базар айылына караштуу Чандалаш участкасындагы тургундардын транспорт уюштурууга жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
4. Чанадалаш участкасындагы жол каттамынын оордугун жана кооптулугун эске алуу 5-11 класска чейинки окуучулардын Жаны-Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебине каттап окуусу үчүн Чаткал айыл өкмөтүнөн транспорт уюштурулуп берилсин.
5. Бул токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кенешинин социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|