Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октбяры № 7
“Өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагынын башчысынын жетишпестиктери үчүн керектелүүчү акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суроо боюнча сунушу эске алынсын.
2. Чандалаш участкасындагы Чаткал айыл өкмөтүнүн балансында турган 3,5 га жердеги алма бакты королоо үчүн 646576 мин сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Чаткал айыл өкмөтүндөгү жаны ачылган тиүү цехин толук инвентарлар менен камсыздоо максатында тигүү машыналарын алуу үчүн 175,000 мин сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Чандалаш участкасындагы там арка үчүн трансформацияланып жаткан 210 га жердин ичинен 20 га айдоо суулу жер болгондуктан мурунку 210 га жерге түзүлгөн ген пландан 20 га жер кыскартылып берилсин.
5. Чандалаш участкасындагы 20га жер кыскартылгандан кийинки 190 га жер трансформациялоого берилип генпланын өзгөртүүгө даярдоо үчүн жетишпеген акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
6. Чаткал айыл аймагында атайын мусор таштоочу жай курууга 1,392,036 мин сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
7. Чаткал айыл аймагындагы ар кандай жумуштардын заарылчылыгына жана суу ташкындарын жер көчкүлөрүн алдына алуу максатында айыл өкмөтүнө ПОГРУЗЧИК транспортун алуу үчүн 3,750,000 мин сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|