Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын30-октябры № 8
“Пландан кыскартуу жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын планына ашыкча койулгандыгы боюнча 430,0 мин сом акча каражатын пландан кыскартуу боюнча сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген 430,0 мин сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн 111100 статьясынан кыскартылып берилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген чыгаша бөлүгүнөн башкаруу тармагынын 22154900 статьясынан 430,0 мин сом акча каражаты кыскартылсын.
4. Кызмат көрсөтүү борборунун имаратына кышкы жылытуу системасын иштетүү үчүн атайын топникке айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарынын эсебинен сезондук мөөнөт менен айлык төлөп берүүгө уруксат берилсин.
5. Көчө жарыктарын утурумдук ремонтоп туруу үчүн атайын электрик менен келишимдин негизинде иш жүргүзүүгө макулдук берилсин.
6. Жаны Базар айылындагы Б.Досматов атындагы көчөнүн табличкаларын бүтүрүү үчүн керектүү акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
7. Ак Таш айылынын тургуну тоголок жетимдерге колдоо көрсөтүү үчүн Эркин кызы Жумасиянын окуу жайынын контрагын төлөө үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде аткарууну колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|