Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2019-жылдын 30-октябры № 9
“Бюджетеги үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген планынан үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй багытта жылдырууга уруксат берилсин.
2. Жергиликтүү бюджетин башкаруу тармагынын 22122100 статьясынан 100,0 мин сом,билим берүү тармагынын 22311200 статьясынан 350,0 мин сом акча каражаты башкаруу тармагынын 22154900 статьясына толугу менен жылдырылып чыгымдоо жагы белгиленсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынын эсебинен башкаруу тармагынын 31112390 статьясынан 33,0 мин сом акча каражатын маданият тармагынын 31112390 статьясына жылдырылып чыгымдоо жагына уруксат берилсин.
4. Чаткал айыл өкмөт башчысынын райондук денгээлдеги өтүүчү айыл чарба жана соода сатык күнү боюнча иш чараны уюштуруу жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
5. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражатына ЕтГЕО ишкансынан түшкөн акча каражатынын эсебинен убактылуу 100,0мин сом акча каражаты жана Кичи Чаарат ишканасынын эсебинен 100,0 мин сом жардам иретинде түшкөн акча каражаты 22154900 статьясынын негизинде айыл чарба жана соода сатык күнүн өткөрүү үчүн иш чарага жумшоого чыгымдалсын.
6. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде аткарууну колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|