Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декаьры № 4
«Чаткал айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине республикалыкбюджетинин эсебинен түшкөн акча каражаты жөнүндө»
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин төрагасы К.Карабаевдин маалыматы жана Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысынын маалымат эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды өз убагында аткаруу үчүн инвестициялык долбоорлорду даярдоого 22154900 статьясына 80,0 мин сом акча каражатын жумшоого,Чаткал айыл өкмөтүнүн алдындагы Бузуулар боюнча комиссиясынын ишин жандандырууга инвентар сатып алуу үчүн 22221100 статьясына 80,0 мин сом акча каражатын жумшоого, Жаны Базар айылындагы спорт комплекстин долбоорун даярдоого 22154900 статьясына 102,0 мин сом акча каражатын жумшоого жана 2020-жылдагы Эл жана турак жайларды катоо боюнча иш чарага ылайык даярдык көрүү үчүн 22221200 статьясына 40,0 мин сом, Чаткал айыл өкмөтүнүн ар кандай масселелериндеги жумуштарды аткарууга 85,0 мин сом, КРнын өкмөтүнүн ветеринардык ,жайыттар жана идентификациялоо жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык тийиштүү жумуштарын өз убагында аткарууга 22221200 статьясына 28,9 мин сом , жалпысы болуп Республикалык бюджетин эсебинен түшкөн 416,7 мин сом акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Т.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|