Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 5
“Чаткал жайыт комитетинин бюджети жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети боюнча маалыматы Чаткал айылдык кенешинин сессиясындагы сунуштардын негизинде толук так болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын
2. Чаткал жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин так эсептеп чыгуу боюнча Чаткал айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүлүп 2020 жылдын 10 январына чейин карап чыгуу комиссияга милдетендирилсин жана комиссиянын курамы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Абдыкеримов,
Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрагасы К.Карабаев,
Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча комитетинин мүчөсү З.Рысдөөлөтов
Чаткал жайыт комитетинин төрагасы М.Матишов,
Чаткал жайыт комитетинин бухгалтери Т.Ажыбеков
3. Чаткал жайыт комитетиндеги күздүк оруп жыйноодогу кириштелген тоютар төмөндөгүдөй баа менен сатууга уруксат берилсин :
Буудай 1 кг 17 сом
Арпа 1 кг 14 сом,
Прец чөп 1 даана 120 сом
4. Буудай Эспарцеп аралашканы Жайыт комитетине жазгы айдап себүү үчүн калтырылсын, калган үрөөнү 1 кг 50 сомдон сатууга койулуп биринчи кезекте тоют сатуу үчүн йыл аймактагы көмөкчү чарбасы бар билим берүү мекемлерине сатуу менен камсыздалсын.
5. Чаткал жайыт комитетинин төрагасына сессияда айтылган кемичликтерди тез арада аткарууга алуу жагы эскеритлсин жана 2020-жылдын 10 январына чейин жүргүзүлгөн иштери боюнча так маалыматты сессияга сунуштасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|