Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 6
Чаткал айылдык кенешинин төрагасына 2019-жыл ичинде өткөргөн сессияларына Компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин 6- пунктуна ылайык 2019-жылы өткөрүлө турган айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал айылдык кеңешитин ар бир сессиясын даярдоого иш пландын негизинде комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу көрсөтмөсүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн чыгарылган расчеттордун негизинде төлөп берүү Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|