Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 128
«Муниципиалдык токойлорду Жайыт комитетине кошуу жана кошумча штат ачуу жөнүндө»
Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетине Муниципиалдык токойлорду Жайыт комитетине кошуу жана бир штат токойчу, бир штат өндүрүштүк менеджер штат бирдигин кошумча ачуу боюнча Жайыт комитетинин төрагасы Эркинбек уулу Уландын сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетине Муниципиалдык токойлорду башкаруу милдети жүктөлсүн, токойчу жана өндүрүш менеджерине болуп 2 штат бирдигин ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын алуу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Эркинбек уулу Уланга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|