Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 129
«Ченемдик укуктук актылардын бузуулусун четтетүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муницпиалдык кызмат оорундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартуу жөнүндөгү маселени Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы карап жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында чыккан №11/1-1606-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузуулусун четтетүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Ничке-Сай айылдык кеңешинин депутаттары Т.Эрмекбаев, С.Бекмуратов, Р.Амирдинов, Ш.Жумаев, К.Осмоналиев өздөрүнүн кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлктөрү тууралуу декларацияны толтурууда келтирген кемчиликтери белгиленип, декларанттарга эскертүү берилсин.
3. 2020-жылда белгиленген маалыматтарды толугу менен киргизүүсү, учурунда кечиктирилгис мөөнөттө тапшыруу жагы аты аталган декларанттрага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|