Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 131
Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитүү жөнүндө маселени талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитилген келишимдерге ылайык кызматтын маалыматтык системаларын ишке ашыруу, бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Чондолоевага тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|