Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 134
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген«Коомдук алдын алуу борборунун»,(мындан ары КАБ)Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун» (мындан ары КАБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү, Типтүү Уставдын материалдарын карап чыгып, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун», (мындан ары КАБ) Типтүү Уставын бекитилсин. (Типтүү Уставы тиркелет)
2. Ничке-Сай айыл аймагында «Коомдук алдын алуу борборунун», (мындан ары КАБ) курамы бекитилсин «Коомдук алдын алуу борборунун» уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Ничке-Сай айыл аймагында «Коомдук алдын алуу борборуна», (мындан ары КАБ) печать, штамп алууга уруксат жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|