Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 137
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылыиштеринин аткарылышы жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|