Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 138
Айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы жөнүндө
Ничке-Сай айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Осмоналиевдин даярдаган маалыматтын угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы боюнча 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы айылдык аймагынын участкалык милициянын капитаны Н.Одоновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|