Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 139
ЖТИ №30 ишканасынын кышка карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагында №30 ЖТИ ишканасынын тарабынан кышка карата аткарган иштери боюнча ЖТИ №30 ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагында №30 ЖТИ ишканасынын тарабынан кышка карата жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы №30 ЖТИ ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|