Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 140
«Бакыт» бала бакчаны кайрадан реконструкциядан өткөрүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагындагы №18 «Керемет көч» бала бакчанын директору М.Жолдошбаеванын Чоргочу айылындагы «Бакыт» бала бакчанын кайрадан реконструкция иштерин жасоого даярдаган долбоору боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ничке-Сай айыл аймактык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы эң көйгөйлүү маселе болуп келген Чоргочу айылындагы «Бакыт» бала бакчаны кайрадан реконструкция кылуу боюнча долбоору жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Чоргочу айылындагы «Бакыт» бала бакчаны кайрадан реконструкция кылуу долбооруна керектүү документтерди даярдап тапшыруу жагы «Керемет көч» бала бакчанын директору М.Жолдошбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|