Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 141
Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Ничке-Сай Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. «Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин аталышы каттоодон өткөрүлсүн.
- мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – «Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси
- расмий тилде аталышы: Учреждение – Айыл окмот Ничке-Сайского айылного аймака».
4. «Ничке-Сай» айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин(мындан ары мекеме) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ничке-Сай айылы, З.Үтүров көчөсү номери жок.
5. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Чондолоевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
7. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын ашык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо милдеттери тиешелүү мамлекеттик жана (жэ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|