Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-февралы № 3
Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2020-жыл үчүн зоналдык коефициентин бекитүү жөнүндө.
Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2020-жыл үчүн зоналдык коефициентин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн салык инспектору А.Эргешовдун билдирүүсун угуп жана кенири талкуулап Кыштут айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2020-жыл үчүн зоналдык коефициентин КЗ 0,6 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Зикиров |
|