Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
БУЙРУК
2019-жылдын 06-декабры № 20-1
Өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат берүү жөнүндө бюджет.финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисиясынын корутундусунун негизинде сессия токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмтөтүнүн административдик имаратын ремонттон өткөрүү долбоорун колдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 31111290 статьясынан 200(эки жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кеңештин бюджет , финансы ,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет , финансы ,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т. Шайдиев |