Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-декабры № 20-2
Жайыт жери жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бейит участкасындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү 6949 га жайыт жер аянтын айыл өкмөттүн балансында калтыруу жөнүндө айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комисиясынын корутундусунун негизинде сессия токтом кылат:
1. Кызыл-Бейит участкасындагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө тиешелүү 6949 га жайыт жер аянты айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т.Шайдиев |
|