Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-декабры № 20-3
Келишим түзүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Аксы эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2018-жылдын 3 –августундагы № 43 буйругу менен бекитилген Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү”токтомуна ылайык айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисине социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адисинин эмгек акысы , байланыш кызматы , сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнуп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага | А.Т.Шайдиев |
|