Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры№ 21-1
Бюджетти бекитүү жөнүндө
«Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2020-жылга бюджетин жана 2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө» бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен ылайык “канааттандырарлык” деп табылып, бекитилсин.
2.Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 2930,5(эки миллион тогуз жуз отуз мин беш жүз) сом,
Теңдөөчү грант 3651,0 (уч миллион алты жүз элүү бир мин) сом, жалпысы: 6581,5(алты миллион беш жүз сексен бир мин беш жүз )сом, жайыт ижарасынын жана салыктардын суммасы кошулуп : 6695,9(алты миллион алты жүз токсон беш мин тогуз жүз ) сом суммасында бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 114.4 (бир жүз он төрт мин төрт жүз) сом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз учтөн бир бөлүгү 38,1 (отуз сегиз мин бир жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 76,2 (жетимиш алты мин эки жуз) сом 704-бөлүмүнүн 2215 статьясына чегерилсин.
4.Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Киреше бөлүгүнүн 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоору бекитилсин.
5.Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 6695,9(алты миллион алты жүз токсон беш мин тогуз жүз) сом менен бекитилсин.
6.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4 пунктуна жана 12 статьясынын 3 пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
7.Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 67,0 (алтымыш жети мин ) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде180,0 (бир жүз сексен мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевка милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
12. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүню.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Т.Шайдиев |
|