Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 21-6
Комиссия түзүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесине тиешелүү айыл чарба трактору жана тоют тангактоочу техникасы жөнүндө айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комисиясынын корутундусунун негизинде сессия токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесине тиешелүү айыл чарба тракторун жана тоют тангактоочу техникасын өткөрүп алуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Арзыбаев Шаршенбек-жайыт бирикмесинин башчысы
2. Тургунбаев Куштарбек- айылдык кеңештин депутаты
3. Чукетаев Султанбай-айылдык кенештин депутаты
4. Малабаев Жээнкул- айыл өкмөттүн жер адиси
5. Анарбаев Кубанычбек- Батырбек айылыны башчысы
2. Жогорудагы техникалардын техникалык абалын тактоо, өткөрүп алуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т.Шайдиев |
|