Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-феваралы № 22- 2
Айылдык кеңештин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы боюнча Кеңештин жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 2020-жылга Кызыл-Туу айылдык кеңешинин иш планы бекитилсин
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы А.Шайдиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Шайдиев |
|