Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 17/1
“2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы жөнүндө”
Жогорудагы биринчи маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча кемчиликтерин эске алып, “канаттандырарлык эмес” деп белгиленсин.
2. Бул маселени атайын депутаттык түзүлгөн жумушчу топко жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиев кийинки сессияга алып чыгышсын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |
|