Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 17/3(а)
“О.Көчкөнов атындагы №32 жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору А.Керимбековдун кайрылуусу жөнүндө ”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. О.Көчкөнов мектептин капиталдык ремонттоо үчүн эшик терезелерин жана чатырын алмаштырууга жалпы суммасынын 10 % тин түрткү берүүчү грантка б.а 300000(үч жүз миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинен 3111 статьясынын эсебинен бөлүп берилсин.
2. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |
|