Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 17/3(б)
“Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө”
Жогорудагы 3(б) маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджеттинин кирешелер бөлүгү 11955,1 (он бир миллион тогуз жүз элүү беш миң бир жүз) сом, ал эми теңдөөчү трансферттердин көлөмү 10746,6(он миллион жети жүз кырк алты миң алты жүз) сом, жалпысы болуп 22701,7 (жыйырма эки миллион жети жүз бир миң жети жүз) сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |
|