Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 17/3(в)
“Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ы.Бобаназаровдун кайрылуусу жөнүндө”
Жогорудагы 3(в) маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине пландан ашыкча келип түшкөн 306100 (үч-жүз алты миң бир жүз) сом,максатуу трансферттин төмөндөгү беренелерге жайгаштырып берилсин.
2. 70111 башкаруу аппаратынын 2215түрдүү чыгымдар беренесине тоголок жетим балдарга кышкы кийим алып берүү үчүн 66100 (алтымыш алты миң бир жүз) сом, 2222 Чарбалык буюмдарды сатып алуу беренесине 60000 (алтымыш миң) сом, 3112 Механиздер жана жабдууларды сатып алуу беренесине компьтер, ноотбук жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнө видео байкоо орнотуу үчүн 180000 (жүз сексен миң) сом, жалпысы болуп 306100(үч жүз алты миң бир жүз) сом, акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн беренелерге жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
6. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |
|