Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-февралы № 18/1
Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жогорудагы биринчи маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен
канааттандырарлык деп табылып, 1 тикемеге ылайык бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 10751,3 ( он миллион жети жуз элуу бир мин уч жуз ) сом, Трансферттер 10746,6 ( он миллион жети жуз кырк алты мин алты жуз )сом,ата-энелер төлөмү 884,4 ( сегиз жуз сексен торт мин )сом, атайын каражаттан тушуучу киреше 289,4 сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30 (отуз мин ) сом жалпысы болуп 22701,7 ( жыйырма эки миллион жети жуз бир мин жети жуз ) сом суммасында№2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 ( отуз мин ) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 10 ( он миӊ ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 20 (жыйырма миӊ ) сом 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №4,5,6,7,8,9,10-тиркемелерге ылайык 22701,7 ( жыйырма эки миллион жети жуз бир мин жети жуз ) сом менен бекитилсин.
6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн1 пайызга чейинки же болбосо 227 ( эки жуз жыйырма жети мин ) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин110- беренесине негиз 01.01.2020 жылдын башына калган калдыктын эсебинен накталай кассалык жугуртуунун колому 350,0 ( уч жуз элуу миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана жыл ичинде болгон өзгөртүүлөр боюнча айылдык кеңешке билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы У.Ороскуловко милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
11. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
12. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
13. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Эшалиев |
|