Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 19/2(б)
“Жайыт комитетинин сунушу жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жакынкы жайыттарды пайдаланган жайыт пайдалануучулардан жайыт төлөмү жыл бою алынсын.
2. Ар бир кара малдын башына 400 сом, майда жандыктарга 80 сомдон бекитилсин.(бадачы менен малдын ээси келишим түзүлүүсү зарыл)
3. Ар бир баш жандыкка 10 сом, ар бир кара мал, жылкы , эшектер үчүн 50 сомдон жайыт акы төлөнсүн.
4. Малдарды бадага кошуу 15- март айынан башталсын, жайлоодон 20-октябрдан көчүп келишсин.
5. Жайкы сезондо мал ээлери бирден баш уй жана бирден ат алып калышсын.
6. Токтомдун аткарылышы боюнча жайыт комитетине милдеттендирилсин.
7. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
8. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
9. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага орун басары | Р.Турдиев |
|