Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/3(б)
Жыл-Кол айылына өрт өчүрүү үчүн керектелүүчү суу көлмөсүн куруу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жыл-Кол айылына өрт өчүрүү үчүн керектелүүчү суу көлмөсүн курууга макулдук берилсин.
2. Керектелүүчү документерди доярдоо жагы Р.Токторбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Абдыллабековага жүктөлсүн.
4. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
6. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|