Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/4
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жашылдандырууга берилген жерлердин пайдаланышы жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жашылдандырууга берилген жерлердин үч жылга чейин төлөмү төлөнбөгөн жана үч жылга чейин 50% көрсөткүчтө иш алып барылбаган жерлер өкмөт балансына кайтарып алынсын
2. Ижарага берүүнүн бардык эрежелерин эске алуу менен ижарага берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдететндирилсин.
3. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|