Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/4
Муниципалдык шагал карьерине жер тилке ажыратып берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл тургундарын курулуш материалдары менен камсыз кылуу максатында муниципалдык шагал карьерине жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрокомитетинин башчысы К.Аспердиевге милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|