Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/4(в)
Нарын, Кызыл-Жар жана Кум айылдарында жайгашкан таза-суу берүүчү курулмаларга мамлекеттик актыларды алуу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Нарын, Кызыл-Жар жана Кум айылдарында жайгашкан таза-суу берүүчү курулмаларга мамлекеттик актылар алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|