Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/5(а)
Айылдык кеңештин төрагасына жана жооптуу катчысына акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык кеңештин төрагасынын, жооптуу катчысынын 2(эки) кызмат орду бекитилсин.
2. Тиешелүү документерди даярдоо жагы а/ө жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
5. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|