Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-июну № 20/5(в)
КР салык кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде 2020-2021-2022-жылдар үчүн зоналдык коэфиценти бекитип берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жыл 14-ноябрдагы “Жер салыгына базалык өлчөмдөгү пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык айыл чарба багытындагы эмес жердин салыгына базалык өлчөмдөгү пайдалануу жөнүндөгү айыл чарба боюнча дифференционалдык коеффиценттерди 2020-2021-2022-жылдар үчүн айыл боюнча төмөндөгүдөй өлчөмдө кабыл алынсын.
А) Нарын айылы -1,2.
Б) Кызыл-Жарайылы -1,2
В) Кум айылы - 1,2
Г) Жыл-Кол айылы -1,2
2. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.
4. Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |
|