Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 2
«Ала - Бука – Ак - Там жана Ала-Бука – Баймак» авто унаа жолдорун убактылуу Ала – Бука айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңешини депутаты А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 17-октябрындагы № 05-04/1655 сандуу протоколунун негизинде жана Ала-Бука айыл өкмөтүн жер адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевдин сунушун эске алып Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала – Бука – Ак – Там авто унаа жолун 1,8 км аралыгында жана Ала – Бука – Баймак авто унаа жолун 4,4 км аралыгындагы жолдору Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансына убактылуу кабыл алынсын.
2. «Ала – Бука – Ак – Там жана Ала – Бука – Баймак » авто унаа жолдорун асфальттоо Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунуш кылынсын.
3. Аталган авто унаа жолдору асфальттоо бүткөндөн кийин Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылып Кыргыз Республикасынын Транспор жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|