Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры №3
Сары – Талаа айылындагы № 4 А. Акпаралиев орто мектебине от жагуучу казан коюу үч ү н акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№ 4 А. Акпаралиев орто мектебинин зовхозу С. Доорановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. № 4 А.Акпаралиев орто мектебинин от жагуучу казанынын ордуна Водозабордогу иштетилбей турган от жагуучу казанды “Водоканал” муниципалдык иш канасынын балансынан Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2. От жагуучу казанды орнотуу жумуштарына керектелүүчү 58900 (элүү сегиз мин тогуз жүж) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31-11 беренесинин негизинде ажыратылып берилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|