Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 4
Ала-Бука айылындагы № 15 Ж. Бөкөмбаев орто мектебине электр учетчигин жана токотрансформатор орнотуу үч үн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№ 15 Ж. Бөкөмбаев орто мектебинин директору Н.Алибекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. № 15 Ж. Бөкөмбаев орто мектебинин электр учетчигин жана токотрансформатор орнотуу үчүн № 15 Ж. Бөкөмбаев орто мектебинин директору Н.Алибекованын кайрылуусунда көрсөтүлгөн 19500 ( он тогуз мин беш жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31-11 беренесинин негизинде ажыратылып берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетине жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|