Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 5
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесин 2-бөлүгүнүн жоболорун андан ары ишке ашыруу, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимди түзүү максатында Ала-Бука айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укутардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Бука айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|