Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, жана Чаткал райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына жана Айылдык кеңешинин төрагасына 2019-жылдын 12-июнундагы № 21-13-6/171 саны менен жолдонгон катына ылайык, Ала-Бука районунда кызматтык имарат куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү боюнча катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын финансы полициясынын өкүлү Шерипбаев Жеңишбек Момунбековичтин, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Чотбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, жана Чаткал райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө кызматтык имарат курууга Ала-Бука айыл аймагына караштуу И.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабында муниципалдык менчикте болгон бош турган жерден 0,10 га жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын бөлуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|