Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № № 10/2
Ала-Бука райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин, мамлекеттик нотариусунун жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Ала-Бука райондук Пробация кызматынын өкүлүнүн айылдык кеңешке жолдогон катына ылайык, райондо кызматтык имарат куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү боюнча катын кароо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын 2018-жылдын 15-октябрь № 01-32/2021 катын жана Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Чотбаевдин билдирүүсүн талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесине жана Пробация органына кызматтык имарат курууга Ала-Бука айыл аймагына караштуу И.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабында Ала-Бука айыл аймагына караштуу И.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабында муниципалдык менчикте болгон бош турган жерден 0,05 га жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын бөлуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|