Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/3
Ала-Бука футбол курама командасынына колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука футбол курама командасына колдоо көрсөтүү максатында Ала-Бука райондук спорт инструктору Э. Мергенбай уулунун кайрылуусун, Ала-Бука айылдык кеңешинин орун басары А. Саттаровдун жана Айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Бука футбол командасына колдоо көрсөтүп жана команданын тобуна бирдей форма тиктирүү үчүн 80 000 (сексен мин) сом акча каражаты ажырытылып берилсин.
2. Көрсөтүлгөн акча каражатын жергиликтүү бюджетинин 22 15 беренесинен берүү айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|