Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/4
Ала-Бука айыл аймагындагы Нурмолдо паркын калыбына келтирүү долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагындагы Нурмолдо паркын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын калган эсебинен калыбына келтирүү долбоорунун, сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндөгү Айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Бука айыл аймагындагы Нурмолдо паркын калыбына келтирүү долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо ишин жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын эсебинен 31 11 беренесинен негизинде жүргүзүлсүн.
2. Керектүү акча каражатын жергиликтүү бюджетинин 22 15 беренесинен берүү айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. АТоктомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|