Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/7
Ала-Бука айыл аймагындагы борбордук базарды Ала-Бука айылынын Генералдык планынын негизинде Аэропорт тилкесине (ПОСТ ГАИ) көчүрүү жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагындагы борбордук базарды Ала-Бука айылынын Аэропорт тилкесине (ПОСТ ГАИ) көчүрүү жөнүндөгү Айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевдин жана Айылдык кеңештин депутаттарынын сунушунтарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Генералдык пландын негизинде базар курулуучу жер аянттын менчик ээлери менен сүйлөшү жүргүзүү, ал жерди муниципиалдык менчикке өткөрүү, жер аянтын трасформациялоо жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүш башчысына милдеттендирилсин.
2. Аталган жер аянтына муниципалдык базар куруу жөнүндөгү долбоорун сметалык кагаздарын даярдоо ишин жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын эсебинен
жүргүзүлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|