Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/9
Ала-Бука айыл аймагынын канализация куруу жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндө
Ала-Бука айыл аймагынын канализация куруу жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо жөнүндөгү Айылдык кеңештин депутаттарынын сунушунтарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ала-Бука айыл аймагындагы канализация куруу жумуштарынын долбоорунун сметалык кагаздарын даярдоо ишин жергиликтүү бюджетинин 31 11 беренесинин негизинде 2020-жылдын эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Керектүү акча каражатын жергиликтүү бюджетинин 22 15 беренесинен берүү айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|