Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/10
Кош-Көпүрө тилкесиндеги көп кабаттуу үйлөргө курулуучу башкы планда көрсөтүлгөн Кара-Сай тилкесине септике курууга макулдук берүү жөнүндө
Кош-Көпүрө тилкесиндеги көп кабаттуу үйлөргө курулуучу башкы планда көрсөтүлгөн Кара-Сай тилкесине септикти куруп баштоо жөнүндөгү жер адисинин милдетин аткаруучу Г.Чотбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Көпүрө тилкесиндеги көп кабаттуу үйлөргө курулуучу башкы планда көрсөтүлгөн Кара-Сай тилкесине септик курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жердеги менчик ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана макулдашуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Кош-Көпүрө тилкесиндеги көп кабаттуу үйлөргө курулуучу башкы планда көрсөтүлгөн септике кетүүчү чыгымдар 2020-жылдык бюджетинен каржылансын.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|