Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 10/11
Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.06.2017-жыл № 349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомдоруна ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансасында турган трансформаторлорду “ Жалалабадэлектро” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү боюнча башкы адис М.Жеенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансасында турган трансформаторлорду “ Жалалабадэлектро” ачык акционердик коомуна өткөрүп берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Н.Аскаровго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А.Саттаров |
|