Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 11/1
Ала-Бука айылдык кеңешинин кызматка дайындалган депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 2-пунктуна, ошондой эле аталган мыйзамдын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековдун атына жазган арызынын негизинде депутаттын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Райондук мамлекеттик администрациясына Башкы адис кызматына дайындалган Нурматов Кадырбайдын депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. 2266 “Коммунизм” шайлоо участкасында добуш алып, кезекте турган жарандардын кондидатураларын аныктап берүү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |
|